9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү

Бишкек, 11.05.2020. Sokol.mediа
Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.
📍Эгерде окуучу же ата-энеси коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.
📚Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Республикалык штаб