Ушул тапта Зафарабад районунун борбордук ооруканасында 18 киши карантинде жатат. Башкы дарыгери Аллаёр Кабиров кесиптештерин аскерге алып кетишкенин кеч укканын, азыр эч кандай жардам бере албасын айтты.
Башка бир дарыгер ооруканада эми бир гана анестезиолог – реаниматолог калганын билдирди.
Зафарабад райондук аскер комиссариаты эч кандай мыйзам бузулбаганын, жигиттер өз каалоолору менен аскерге кетишкенин маалымдады.
Аскерге чакырылган Ахлиддин Ашрафов анестезиолог реаниматолог, Бахтиёр Джумаев инфекционист, Дилшод Эшонқулов невролог, Шоди Шодиев хирург болгон.
Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскерге милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат.