«РСК Банк» АКК эки кызматкердин оору жуктурган учуру боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди

Бишкек, 08.05.2020. Sokol.mediа

«РСК Банк» АКК эки кызматкердин оору жуктурган учуру боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

“Бишкек шаарындагы бир кызматкер дарыланып бүтүп, азыр үйүндө. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок”, — деп билдирди “РСК Банк”.

Банк штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылыган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *