Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак чыкты

Баткен. Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек, 08.05.2020 Sokol.media

Бүгүн, 8-майда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен облусунун Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Бул жер такталбаган аймакта болгон, бирок иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ар биринен 30-40тан адам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды», — деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди бир аз тынчтандырышкан.

«Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган», — деп айтылат билдирмеде.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт.
Булак: Спутник кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *