“Эжем вирустан өлгөн жок”. 12 болуп COVID-19 дан каза болгон аялдын тууганы кайрылуу жасады

Бишкек, 08.05.2020. Sokol.mediа
Кыргызстанда 12 болуп коронавирустан каза болгон аял Адылова Каличанын тууганынан Sokol. media cайтынын Sokol. media_ инстаграм баракчасына атайын кайрылуу менен тартылган видеосун жиберген.
Анда ал эжеси үч жыл мурун боорунан рак илдети менен ооруп жүргөнүн айткан:
“Эжем үч жыл мурун боорунан рак болуп, метазтазалар көбөйүп кетип, онкология ооруканасынан операцияга да болбойт, аз жашайт деп айтышкан эле. Анан эжеме аны айтпай, “онкология ооруң жок экен” ,- деп жашырып алдап үйгө алып келгенбиз. Ошондон бери “жакшы сөз менен” жашап жүрдү. Анан акыркы жылдары өпкөсүнө суу толуп, дем жетпей температура болчу. Ошондо барып өпкөсүнөн суу алдырчубуз. Ошентип жашап жүргөн, ал коронавирустан өлгөн жок”,-деген ойлорун айткан.
Толук маалыматты видеодон көрө аласыздар: