«Эми райондор жана шаарлар «кызыл» — жогорку коркунуч, «сары» — орто коркунуч, «жашыл» коопсуз аймак болуп бөлүнөт. Биз «Бул кызыл зона» деген жарыя илебиз. Баары билсин. Маселен, «жашыл» зона башка деңгээлге өтсө, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», – деди Мирзиёев.
Өзбекстан президенти жакын арада аймактардын карантин деңгээлин аныктоону тапшырды.
Президенттин катышуусунда өткөн жыйында ишканаларда, өзгөчө соода түйүндөрү менен тейлөө тармагында санитардык нормалардын аткарылышы үчүн жигердүү коомдук көзөмөлдү орнотуу зарылдыгы да айтылды.