Эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Камчыбек Узакбаев депутатка жооп берди

Бишкек, 07.05.2020. Sokol.mediа

Башкы дарыгер  Камчыбек Узакбаев “коом press” сайтына маек берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

«23-март күнү  бизге түндө канынын гемоглабини  29 болуп оор акыбалда бала Жалал-Абаддан бала келип түшкөн. Дарыгерлер билет, адамдын гемоглабини 129 болушу керек. Биз дароо эле чара көрүп, аны ооруканага жаткырганбыз.  25 күн дарылангандан кийин  ооруканадан чыгып кетишкен. Анан  Жалал-Абадагы посттон  күнү текшерилсе эле вирустун симптомдору апасынан чыгып калыптыр. Бизге болсо 4-май күнү айтышты. Албетте, дароо эле ал менен палатада чогуу жаткандарды жана дарыгерлерди текшерүүдөн өткөрдүк. Тилекке каршы оорунун симптомдору  дарыгерлерден жана оорулуулардан чыгып, учурда обсервацияга алынды. Анан гемотология бөлүмүн жаптык. Ал эми дарыгерлердин баары ооруп атыптыр деген жалган кеп. Учурда дарыгерлерибиздин баары атайын кийимдерди кийип, анан оорулууларга барып атышат. Биз улуттук деген аты бар оорукана болгондуктан республиканын баардык аймактарынан наристелерди алып келишет. Оор акыбалда кош бойлуулар түшөт. Аларды дарылабай коюуу мүмкүн эмес. Бизге келген оор акыбалдагы балдарды текшерип, септик менен колун жууп, бет кап тагындырып анан кабыл алып жатабыз. Ансыз болбойт. Оорукананы жаап коё албайбыз. Күнүнө 12-150дөй бала, 10-15тей кош бойлуу аялдар оор  акыбалда түшөт.  Биз жаап койсок алардын абалы эмне болот? Чыгарып да коюууга мүмкүн эмес. Баардык дарыгерлер күн сайын текшерүүдөн өтүп турушат. Буюрса вирустун симптомдору чыккан эки дарыгерибизден башкасы жакшы, иштеп жатышат»-деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ 6-майда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева  Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлердин көбүнө вирус жугуптур. Оорукананы жабыш керек деп айткан болчу.

Булак: коом пресс

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *