Мэр борбор калаадагы бир нече курулуш объектисин кыдырып чыкты. Маалыматка караганда, жакында бүктөнү калган алты кабат турак жай үч күн аралыгында пайдаланууга берилиши керек. Оорукана 600 бейтапты тейлөөгө ылайыкташтырылат.
Калаа башчысы мындан башка сегиз кабаттуу турак жайды да бир айда оорукана катары пайдаланууга берүүнү тапшырды.
Буга чейин Рустами Эмомали COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн убактылуу госпиталдарды даярдоо зарылдыгын айткан.
Тажикстанда 6-май күнү кечинде коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 379 кишини түздү, 8 адам көз жумду.