COVID-19 тууралуу ачылыш жасай турган окумуштууну өлтүрүп кетишти

Бишкек, 07.05.2020. Sokol.mediа
АКШ дагы Питтсбург университетинин Бин Лю аттуу окумуштуусун өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу People басылмасы жазды.
Маалыматка караганда окумуштуу COVID-2019 инфекциясы тууралуу жаңы ачылышты жасайын деп жаткан.
Полиция кабарлагандай, 37-жаштагы окумуштууну денесине көп жолу аткылап өлтүргөн. Аны өлтүргөн адамдын жансыз денеси алысыраак эмес жерден табылган. Болжол менен кылмышкер өзүн-өзү өлтүргөн дешүүдө.
Бин Лю нун кесиптештеринин айтымында, илимпоз коронавирус инфекциясынын астындагы клетка механизмдерин түшүнүү үчүн өтө маанилүү ачылыштарды жасоо алдында турган.
геи жестко