ВИДЕО-Араб Эмиратынын Шаржа шаарында 48 кабаттуу үйдө ири өрт чыкты

Бишкек, 06.05.2020. Sokol.mediа  

Шейшемби күнү кечинде Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Шаржа шаарындагы 48 кабаттуу турак-үйдө ири өрт чыкты.

«Галф Ньюс» агенттиги тогуз киши жеңил жараат алганын, үйдүн калган тургундары эвакуацияланганын билдирди.

Имараттын онунчу кабатында башталган өрттүн келип чыгуу себептери айтыла элек.

Жергиликтүү полиция башкармалыгы үйдүн ээси жабыркагандарга убактылуу турак-жай берүүнү убадалаганын кабарлады.

Азырынча өрт көп кабаттуу үйдөгү канча батирге тараганы белгисиз.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *