Кыргыз тарап бул окуяны чек арадагы мыйзамсыз аракеттин алдын алуу деп мүнөздөөдө.
Мийзаев Өзбекстандын жарандары чек ара мыйзамдарын бузгандыктан Сох районунун жетекилиги элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылганын айтты:
«Жергиликтүү эл бул жерде мурдатан мал-кой багып келет. Эгемендиктен соң алардын кой-эчки бага турган жайы чек арадагы нейтралдуу аймакка айланды. Андай деле атышуу болгон жок. Кыргыз аскери асманга ок атты. Кийин чогулган эл тарады».
Сох анклавынын ылдый жагында жайгашкан Баткен районунун Апкан айылына суу Өзбекстандын айылдарын аралап келет. Суу келген арыкты ашар менен тазалоодо, пайдаланууда майда пикир келишпестиктер чыга калып жүрөт.
Өзбек тараптын тургундары илгертеден өзүлөрү пайдаланып келген чек арага жакын жайытка чыкканда Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарган деп жатышат.
2013-жылдан бери Сох анклавын Өзбекстандын негизиги бөлүгү менен түз байланыштырган Сох-Риштон жолу жабык турат. Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен беш пайыздайы такталбай турат.