Казакстанда вирус жуктургандардын саны 4300гө жетти

Бишкек, 06.05.2020. Sokol.mediа  

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 4298ге жетти. Алардын 1299у айыгып, 29 бейтап көз жумду.

Өзгөчө кырдаалды камсыздоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы 6-майда дагы 72 кишиден вирус аныкталганын кабарлады. Алардын ичинен Нур-Султанда 22, Алматыда 20, Атырау облусунда 14 киши инфекция жуктуруп алган.

Жалпысынан Атырау облусунда 223 учур катталып, коронавирустун жайылышы боюнча өлкөдө үчүнчү орунга чыкты.

Буга чейин Атырау облусунун башкы санитардык дарыгери Тенгиз кениндеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кошумча чектөө чаралары киргизилгенин жарыялаган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *