Милиционерлер күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү

Бишкек, 05.05.2020. Sokol.mediа  

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2020-жылдын 5-майында 11:00 чамаларында, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек ш. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өртүү жайылышын токтотушту. Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *