Маалыматка караганда, ушу тапта аскер кызматкерлери парадка даярдык көрүп, атайын техникалар кароодон өткөрүлүүдө.
Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги өлкөдө аскердик параддан тышкары Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына сыйлык берүү салтанаттары уюштуруларын жазды.
Расмий түрдө коронавирус жуктургандар жок экени айтылып жаткан Түркмөнстанда көптөгөн адамдардын катышуусундагы түрдүү майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп келет. Нооруз майрамынан кийин өлкөдө жашылдандыруу акциясы, жалпы улуттук веложүрүш жана Улуттук аргымак күнү салтанаттуу белгиленген. Ушу тапта футбол боюнча өлкөнүн чемпонаты да уланууда.