Бир суткада 35 адамдан СOVID-19 аныкталды. Алардын ичинен 9 адам медкызматкер

Бишкек, 04.05.2020. Sokol.mediа  

2020-жылдын 4-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу 4-майдагы онлайн-брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Алар:
⚡️ Бишкек ш. – 26
⚡️ Чуй облусу — 2
⚡️ Нарын облусу – 1
⚡️ Жалал-Абад облусу — 5
⚡️ Баткен облусу — 1

Республика боюнча: 830

Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Бишкек шаарында – 6
• Нарын облусунда – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *