Бүгүнтөн баштап Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди

Бишкек, 01.05.2020. Sokol.mediа  

Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 

Алар:

✅Өнөр жай ишканалары;
✅Курулуш тармагы;
✅Транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү;
✅Жеке нотариустар;
✅Соода-сатык тармактары;
✅Чач-тарач, сулуулук салондору;
✅Уюшулган такси кызматтары.

Эске салсак, белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып барышат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *