ВИДЕО-Казакстанда 4 жаштагы кызды апасынын жигити сабап салган

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

Казакстандын борбору болгон Нур-Султан шаарында 46 жаштагы жаран төрт жашар кызды баш ийбегендиги үчүн аёосуз сабаган. Бул тууралуу «Первый канал Евразия» каналына маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя бир жума мурун болуп өткөн.  Окуя болгон  күнү кыздын апасы Виктория үйүнө келип, катуу сабалган кызын көргөн.

Кызды Виктория 6 айдан бери сүйлөшүп жүргөн 46 жаштагы спортчу жигити сабаганы белгилүү болгон. Бирок   аялдын жигити  сабаганын мойнуна албай, кызды тепкичтен кулап кетти деген.

Аталган телеканалдын журналистти кыздан сураганда ал “бир байке урду”,-деп жооп берген.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *