Тажикстандын ооруканаларында пневмония диагнозу коюлган бейтаптар көбөйүүдө (видео)

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  

Тажикстанда күн сайын пневмониядан каза болгон адамдар катталууда. 29-апрелде карантиндик аймакта иштеп жаткан дагы эки дарыгерге бул диагноз коюлуп, 13 медик байкоого алынды.

Баш калаада пневмония менен ооруган бейтаптар Душанбедеги «Истиклол» медициналык борборунун эки имаратына жайгаштырылууда. Ушу тапта борбордун кире беришинде «Кабыл албайбыз», «Орун жок» деген жазуулар илинип турат. Жетекчилик имаратта жалпысынан канча бейтап бар экенин айта элек. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бул борбор 650 орунга ылайыкташканын билдирген.

Куляб шаарында Орусиядан келген мигранттар жайгаштырылган карантиндик аймакта иштеген 14 дарыгер изоляцияга алынган. Алардын ичинен пневмония диагнозу коюлган эки медик коронавируска эки жолу тест тапшырган.

Пневмониядан үч киши каза болгон Согди облусунда дарыгерлер коронавируска карата бир дагы тест тапшырган эмес. Жергиликтүү оорукананын башкы дарыгери рентгенде алардын пневмония диагнозу аныкталганын, тест жүргүзүүгө зарылдык болбогонун билдирди.

Тажикстанда бийлик коронавирус жуктурган адамдар жок экенин билдиргенине карабастан, өлкөдө жаңы чектөө чаралары киргизилип, ооруканаларга пневмония диагнозу менен жеткирилгендер көбөйүүдө. Мектеп, бала бакчалар жабылып, мамлекеттик мекемелерге беткапсыз кирүүгө тыюу салынды. Түнкүсүн шаарлардагы коомдук жайларда дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. 29-апрелде Душанбедеги азык-түлүк сатылбаган бардык базарлар 11-майга чейин жабылган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *