Окуучуларга жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо качан ачылаары айтылды

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

Окуучуларга жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо качан ачылаарын онлайн-брифингде КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков маалымдады.

“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, — деп билдирди Исаков.

ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:
— каттоо 4-15-майда аяктайт;
— 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
— 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
— 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
— 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

❗️ Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

✔️ Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *