Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы ЕАЭБге байкоочу катары кошулуу сунушун колдоду

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөттүн 28-апрелде Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байкоочу мамлекет катары мүчө болуу сунушун колдоду.

Расмий маалыматка караганда, парламенттин төмөнкү палатасынын жалпы жыйынында 86 депутат “макул”, 32 депутат “каршы” деген добушун берди,14 депутат эки анжы бойдон калды.

ЕАЭБ менен кызматташуу маселеси эми Сенатта каралат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдын башында парламенттеги кайрылуусунда өкмөт ЕАЭБ менен кызматташуунун жолдорун иликтеп, караштырып жатканын билдирген. Анда аталган өлкө өндүргөн өнүмдүн 80% ушул уюмдагы мамлекеттерге жөнөтүлөрүн белгилеген.

Кыргызстан уюмга 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. ЕАЭБде Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *