ВИДЕО-Мурдагы президент Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын «Странный мир» аттуу клипи жарык көрдү

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

 Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева коомго мыкты сүрөтчү катары таанылып келет. Эми ал ырчылык өнөрдө өзүн сынамакчы болуп “Странный мир” аттуу ырына клип тарттырып, инстаграм баракчасындагы катталуучуларына тартуулады.

“Чыныгы карантиндеги чыгармачылык. Ыр дагы, клип дагы  үй шартында тартылды. Бирок көпчүлүгү клипке түшүнбөсө керек деп ойлойм. Анткени ар кандай нерселер сүрөттөлдү. Клипти тартууга көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгымды билдирем”,-деп жазган Алия.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *