29-майдан 7-июнга чейин өтө турган кинофестивалга Канн, Берлин, Венеция өңдүү 20дан ашуун ири эл аралык кинофорумдар катышат.
Күйөрмандар ар түрдүү жанрдагы: даректүү, анимациалык, көркөм жана музыкалык фильмдерди бекер көрө алышат. Алардын баары фестивалдын YouTube-каналында тартууланат.
Фильмдерди көрүү учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна же коронавирус пандемиясы учурунда медициналык кызматкерлерге жардам берип иштеп жаткан жергиликтүү уюмдарга каржылай колдоо көрсөтүүгө болот.
Ошол эле маалда уюштуруучулар санариптик формат кинофестивалдын ордун толугу менен ээлей албасын билдиришип, салттуу салтанаттарды пандемия бүткөн соң уюштурууга ниеттенишүүдө.