Нарында посттордон  айылдан районго ооруган бейптаптар  кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  

Нарында посттордон  айылдан районго ооруган бейптаптар  кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. 
Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев  Ат-Башы районундагы блокпостордун жана район  ичиндеги фильтрациялк посттордун абалы менен жеринде  таанышты. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган посттордо   тиешелүү кызматкерлер күнү- түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып,    жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тынымсыз иш алып барышууда.
Ар бир коюлган посттордон  айылдан районго ооруган бейптаптар  кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө.
Ошондой эле  карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык- түлүк, дары-дармектер жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү буюмдар да өз убагында айылдарга жетүүдө.
Нарын шаарынын жана  Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда   кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин,санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өз коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *