Бүгүн вирус жуктурган 21 адам аныкталды. Алардын ичинен 6 адам медкызматкер

Бишкек, 29.04.2020 Sokol.media

2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды:
⚡ Бишкек ш. – 13
⚡ Ош облусу — 1
⚡ Нарын облусу — 6
⚡ Баткен облусу — 1

Алардын ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
• Бишкек ш. – 2
• Нарын облусунда – 3
• Ош облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 191 учур катталды.

Ошондой эле, 2020-жылдын 29-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 729 учуру катталды.

📌 Стационарда – 284, алардын ичинен реанимацияда – 4
📌 Ооруканадан чыгарылды – 437
📌 Каза тапты – 8

Маалымат коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдан алынды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *