Алай районунда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  

Ош облусуна караштуу Алай районунда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, 16 жаштагы  окуучу кыз 52 жаштагы апасын кулпу менен башка чаап, ал алган жаракатынан улам каза болгондугу айтылат.

Окуя тууралуу басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирген:

2020-жылдын 25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу  барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

 24-апрель күнү саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап, жаткан жеринде каза болуп калган.

 Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алыны, ошондой эле  кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынган.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *