Акын, журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында көз жумду

Бишкек, 29.04.2020 Sokol.media

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында көз жумду. Ал бир айдан кийин ал 44кө чыкмак. Анын каза болгонун санаалаштары ырасташкан.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти аяктагандан кийин 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Акындын «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактары бар.
Ал эми журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде жана КТРКнын радио жаатында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеп, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысында эмгек жолун улап жүргөн.
Sokol.media сайтынын жалпы жамааты акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *