ВИДЕО-Москвада ыктыярчылар вирус жуктурган мигранттарга жардам беришүүдө

Бишкек, 29.04.2020. Sokol.mediа  

Москвада активисттер тобу Жардам берүү кеңешин түзүшүп, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган изоляциядагы мигранттарга жардам беришүүдө. Анын курамына укук коргоочулар, журналисттер, юристтер, коомдук ишмерлер жана аткаминерлер кирди.

Кеңештин максаты – вирус жуктурган мигранттардын обочолонуусуна көзөмөл жүргүзүү жана аларга материалдык жардам берүү. Ыктыярчылар коронавирус менен ооруган кишилерге азык-түлүк жеткирип беришүүдө.

Москвадагы батирлердин биринде өзбекстандык бир үй-бүлө толугу менен коронавирус инфекциясына чалдыккан, илдеттин формасы жеңил болгондуктан алар ооруканага жаткырылган эмес. Төрт жумадан бери сыркоолоп жаткан Абдумалик ооруну жайылтпоо үчүн дүкөнгө да чыга албай калганын айтат:

– Мен азыр өзүмдү жакшы сезип калдым, машыгып жатам. Эшикке чыгууга болбойт. Балкондон гана таза аба менен дем алып жатабыз. Кудайга шүгүр, баары жакшы, азык-түлүк алып келүүдө гана көйгөй жаралды. Бирок бизге жардам беришти, – деди ал.

Активисттер төрт тилде иш алып барган ыкчам линия да түзүштү, мигранттардын айрымдары орус тилин жакшы билбегендиктен, “тез жардам” да чакыра албай калышууда.

Кеңешке демөөрчүлөр жардам берүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *