Жаңы талаптарга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде мектептер менен жогорку окуу жайлардын окутуучуларына чачын боёого, жасалма кирпик тагууга, тырмагын өстүрүп, боёп жүрүүгө болбойт.
Мындан тышкары аял кызматкерлердин жумушка улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон чоң жакалуу кийимдерди кийип келүүсүнө тыюу салынды.
2018-жылы Түркмөнстанда чачын, тырмагын ачык түстөргө боёп жүрүү үчүн айып пул киргизилгени кабарланган. Мындан тышкары аялдар узун жана денеге жабышпаган көйнөктөрдү кийүүгө милдеттендирилген.
2019-жылы Ашхабаддагы сулуулук салондорунун, чач тарачтардын жана укалоо салондорунун ишине чектөө киргизилгени белгилүү болгон. Буга байланыштуу шаардагы мындай кызмат көрсөткөн жайлардын көбү жабылып, кызматкерлери үйдө иштөөгө өтүшкөн.