Ошто 19 жаштагы кыз үч эм төрөдү

Бишкек, 28.04.2020. Sokol.mediа
Ошто 19 жаштагы айым үч эм төрөдү. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Ош шаарына караштуу Кара-Суу районунун Нариман айылынын 19 жаштагы тургуну 27-апрелде үч эм төрөгөн. Жаңы төрөлгөн ымыркай кыздар 2 400, 2 100 жана 2 000 грамм салмагында төрөлүшкөн.
2019-жылга карата Ош төрөт үйүндө 11 миң 500 ымыркай төрөлгөн. Алардын ичичнен 270 и эгиздер жана 7 жолу үч эм жарык дүйнөгө келген.