Нарында дагы 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган

Бишкек, 28.04.2020. Sokol.mediа
Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка караганда вирус жуктурган 2 медкызматкерлер Нарын облусунда катталган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.