Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Жыйында президент: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи.
Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.
28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. 708 адамдын 185и медицина кызматкери.
Коронавирус жуккандар аймактар боюнча:
- — Бишкек шаарында 167 адам,
- — Ош облусунда 160 адам (алардын 113ү Ноокатта),
- — Жалал-Абад облусунда 113 адам (алардын 85и Сузакта),
- — Ош шаарында 110 адам,
- — Нарын облусунда 88 адам (алардын 65и Ат-Башыда),
- — Чүй облусунда 52 адам (алардын 16сы Аламүдүндө),
- Ысык-Көл облусунда 10 адам (алардын алтоо Караколдо),
- Баткен облусунда сегиз адам (алардын төртөө Баткен районунда).