Газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча тендер быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 млн. сом каралган. Тендердик комиссия жети ишкананын ичинен кытайлык компанияны тандап алды.
Тендерге катышкан ишканалардын бири 30-мартта комиссиянын чечимине нааразы болуп арыз жазды. Мэрия буга байланыштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментине тендердик комиссиянын ишине баа берүүнү өтүнүп кат жибергенин кабарлады.
Маалымат боюнча Бишкекке 2020-жылы чыккан автобустар алынып келет. Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу экени айтылды.