Бүгүн Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы аркылуу 157 жүргүнчү учуп келди

Бишкек, 28.04.2020. Sokol.mediа
28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу маалыматты коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Маалыматка таянсак, каттам аркылуу 157 жүргүнчү учуп келди.
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.