Бул учур тартылган видео “Телеграммдагы” каналдардын биринде жарыяланды.
Маалыматка караганда, SpaceX компаниясы Falcon 9 ракетасын 60 жандоочу менен космоско 23-апрелде учурган. Маск бир нече жыл аралыгында орбитанын айланасына 42 000 жандооч коё берүүнү пландоодо. Долбоор тесттик режимде быйыл ишке кириши ыктымал.
Былтыр белгилүү ишкер Илон Маск тарабынан негизделген SpaceX компаниясы Starlink долбоорунун алкагында Жердин орбитасына жүздөгөн кичине жандоочторду учурган.