Темир Сариевдин мекенчилдик кадамын коомчулук кубануу менен кабыл алган

Бишкек, 27.04.2020. Sokol.mediа  

Кыргыз саясатында деңгээлдерин эмес, кара пиарлардын, каралоонун гана атаандаштыгы жүрөт. Анын алкагында бейкүнөө саясатчыларга ар кандай ушак сөздөр жармашат. Алардын бири Темир Сариевдин ысысмына байланышкан “трайбалист” деген сөз тууралуу кеп улайлы.

2005-жылдагы революциядан кийин Бишкек жана Чүй аймагындагы бир топ жерлерди башка аймактардан келгендер басып алышкан. Мына ошол маалда Сокулуктун аймагындагы жерлерге дагы ушундай басып алуу болгон. Жер басып алгандарды “Темир Сариевдин уюштуруусундагы атчандар ур-токмокко алып, сабап кубалаткан”- деген ушак элге кеңири жайылып кеткен.

Бул ушактар канча жыл өтсө дагы унутулбай, саясий кырдаал курчуган мезгилде жаңылаңып, кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгына карата иштеп келет.

Айтылган ушактардын контексти мындай: “Биз Темир Сариевдин кишилерибиз, сасыган оштуктар келген жагыңырга кеткиле!”,- деп кыйкырган топ элди сабаткан.

Эми, кайсы келесоо саясатчы өзү мындай ишти уюштуруп, кайра өзүнүн атын атап кыйкыртат?

Экинчиси, жер басып алгандардын ичинде оштуктар болгон эмес, негизинен Сокулуктун аймагындагылар Талас, Нарын тараптан келген тургундар болгон.

Үчүнчүдөн “мени Сариев келип кубалатты, мен аны көрдүм”,-деген бир дагы кишинин видео же аудио жазуусу же берген интервьюсу жок.

Ошондуктан, мындай кара ниет ушакты кайсы бир саясий топ, Темир Сариевдин атаандаштары таратканын ишенимдүү айтсак болот. Мындан тышкары “трайбалист” делген Темир Сариев премьер-министр болуп келгенде Кыргыз өкмөтүнүн курамында оштуктардын санын көбөйткөн. Ушак кепке ишенип, эмдигиче чындыкты айырмалап билбегендер бат эле санап алса болот. Эгер ал чын эле трайбалист болсо, мындай кылмак эмес.

Ошондуктан, кыргыз саясатында күчтүү адамдардын артынан көп такталбаган ушактар ээрчигени өкүнүчтүү иш. Саясатчынын аткарган иштерин, кылган реформасын талкуулабай, көчө деңгээлиндеги ушактар менен талкуулаган бул келечек үчүн коркунучтуу иш. Мисалы, Темир Сариев премьер-министр болуп турган убакта көп реформалар ишке ашты, мамлекеттин пайдасына олуттуу пайдаларды алып келди. Башкасын коюп, көп жылдан бери башка өлкөнүн энчисине өтүп кеткен чоң обьектилерди Кыргызстандын карамагына кайтарып алды.

АЛАР:

  1. Ала-Бука районундагы жайгашкан “Орто-Токой” суу сактагычы
  2. Ноокен районундагы “Доступ”, “Маданаият” жана “Октябрга 50 жыл” насостук станциялары
  3. Кадамжай районундагы Кайтпас – Кыргыз-Кыштак үлүшү
  4. Ысык-Көлдөгү Бостериде жайгашкан аянты 28,35 гектарды ээлеген “Алтын кум” пансионаты
  5. Аксы районундагы Чоң Наманган каналы (12,9 км) жана “Чует” каналы (14,5 км) 6.
  6. Баткен облусундагы Сох-Шаймерден каналы (12 км)
  7. №1 Фергана автотранспорттук колонна
  8. Ысык-Көлдөгү Тоң районунда жайгашкан аянты 10,65 гектарды ээлеген “Бустон” пансионаты
  9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км)
  10. Лаган каналы (11,2 км)
  11. ӨКМдин “Фергананефть” обьектиси
  12. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жайгашкан аянты 19.05 гектарды ээлеген “Рохат – НБУ” пансионаты
  13. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жайгашкан аянты 21,77 гектарды ээлеген “Дилором” пансионаты.

Темир Сариев айрым өкмөт башчылардан айрымаланып куру популисттик кадамдардан алыс болуп, карапайым калктын турмушун оңдоого, дыйкан-фермерлерибизге жакшы шарттарды түзүп берүү менен алектенгени баарына маалым. Анын натыйжасында ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ долбоорун иштеп чыгып, бул ыкманы кеңири жайылтууга белсене киришкен эле. Эгерде бул ыкма менен сугарууну дыйкандарыбыз өздөштүрүп ала турган болсо, бир метр жер бош жатмак эмес. Ушул ыкманын негизинде алма-бак отургузуп, аны жакшылап өздөштүрө турган болсо алма-бактан гектарына 50-60 тоннага чейин түшүм алууга мумкүн экенин ушул ыкманы колдонгон дыйкандар айтып жатышат. Эми карап көргүлө гектарына 50-60 тонна түшүм алып, жылына 50 миң долларга чейин киреше тапса болоорун багбандар иш жүзүндө далилдеп жатат. Дүйнөдө кээ бир айыл чарба тармагы өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөк, жерлери кичине болгону менен ушул ыкманын негизинде бир карыш жерин калтырбай эгин эгип пайдасын көрүп жатышат жана бакубат жашоого шарт түзүлүп жатат.

Темир Сариев билим берүү тармагында да ыкчам реформаларды кабыл алып, анын алкагында “АКЫЛДУУ МЕКТЕП” долбоорун ишке киргизген. Бул долбоордун негизги багыты жаштардын татыктуу билим алуусуна жаңы технологиялар менен, ылайыктуу шарттарды түзүп берүү болгон. Бул долбоордун негизинде 2016 — жылдан тартып, 2017 – жылга чейн өлкөнүн баардык мектептерин интернет менен камсыз кылуу болчу. Ушуну менен бирге санариптик “БИЛИМ.ТВ” телеканалын ачып, түз эфир аркылуу мыкты мугалимдер менен ачык сааттарды өткөртүп, жаштарга эфир аркылуу тил үйрөтүү, арифметикалык билим берүү ж.б жаңы ыкмаларды жайылтууну көздөгөн. Кыскасы бул телеканал аркылуу жаштардын билимге умтулуусун, кызыгуусун арттыруу өкмөттүн башкы максаттарынын бири болгон. Мына ушул долбоорду Сариевдин өкмөтү иштеп чыгып, атайын мыйзамдарды кабыл алып, жогоруда белгиленген долбоорлорду өнүктүрүү үчүн буга кетчү каражаттар аныкталып, дыйкандарыбызга аз пайыздык өлчөм менен кредиттерди берүү сунушу иштелип чыккан. Анын алкагында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Ошондой эле Сариевдин өкмөтү жарандарыбыз үчүн эң маанилүү жана көйгөй жараткан турак-жай менен камсыздоо жагын жандантып, Мамлекеттик Ипотекалык компанияны негиздеген. Биз Сариевдин айрым аткарган алгылыктуу иштерин тизмектеп бердик. Калганын кийики санда беребиз.

Бул мекенчил жана иштин көзүн билген, дасыккан мамлекеттик кызматкердин ишинин жыйынтыгы. Айрым, эл көзүнө кызмат кылымыш болуп, желим өтүк менен ылай кечкендерге караганда кыска убакытта кылымдык иштер аткарылган. Эл ушундай ийгиликтерди эмес, кайсы бир кызыкчылыгы бар топ чыгарган негизи жок ушакты талкуулаганы өкүнүчтүү…

Т.Бейшенбеков

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *