Мирзат Муканов:Биздин ѳтүнүч, эми ѳйдѳ-тѳмѳн сѳздѳрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу!

Бишкек, 24.04.2020 Sokol.media

Маркум Элмирбек Иманалиевдин күйө баласы, журналист Мирзат Муканов атасынын көзү өтүп кеткенден кийин ага кайгырымыш болгондорго жооп катары өзүнүн фейсбук баракчасына жазды:

«Тилди тишке катып, унчукпай отуруу болбойт экен.

Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды тез жардам менен ооруканага алып кетти»- дегенден тарта түбѳлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргѳн адам катары, күйѳѳ баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?..

Дегеним, «антпей коюшуптур, минтип коюшуптур» деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, «Кулак укса курсак кайнайт» болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошол сыяктуу сѳздѳр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкѳ кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сѳѳктү алып кетүүгѳ ѳз колум менен арыз жазып бербес элем. Албетте, ал иштин бардыгы атамдын БИР ТУУГАНДАРЫ, ЖАКЫНДАРЫ менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты.
Биздин ѳтүнүч, эми ѳйдѳ-тѳмѳн сѳздѳрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда ѳтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Ѳзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр.
Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдары кѳп болгон үчүн, аза күткѳн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер кѳп болду, жалпы журту түп кѳтѳрүлѳ аза күттү. Бирок, биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын ѳз кызыкчылыгына пайдаланып калууну кѳздѳгѳн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм:

Ѳлүмдѳн да бакыт издешет,
Ѳлгүр, «ѳкүмат» болуп кѳнгѳндѳр.»,- деп жазган.

Эске салсак, чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган. Анын каза болушуна дарыгерлерди күнөөлүү деген жа кептер козголгон эле.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *