Кыргызстанга Туркиядан 351 жаран келди

Бишкек, 24.04.2020 Sokol.media

Кыргызстанга Туркиядан 351 жаран келди. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

2020-жылдын 24-апрелинде «Манас» Эл аралык аэропортунда «Түрк Авиажолу» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *