HRW: Карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулууда

Бишкек, 24.04.2020 Sokol.media

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму карантин маалында Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары бузулуп жатканын билдирди.

Уюмдун 23-апрелде жарыяланган атайын баяндамасында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан коронавирустун жайылышын токтотуу боюнча «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чаралар дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектөө үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Мындан тышкары айрым учурларда карантин чаралары чектен чыгып кетип жатканы да айтылган.

«Чукул чаралар убагында жана вируска каршы келечекте көрүлө турган иш-аракеттер учурунда адам укуктары сакталышы керек. Чектөөлөр журналисттерге, медицина кызматкерлерине жана коомчулукка маалымат жеткирүүгө аракеттенген башка адамдарга каршы колдонулбашы керек», — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Мындан тышкары «Human Righrs Watch» уюму Түркмөнстан менен Тажикстандын бийлиги калкка коронавирус инфекциясы тууралуу ачык маалымат бербей, жарандарынын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилеген.

23-апрелге карата өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны Казакстанда 2207, Өзбекстанда 1716, Кыргызстанда 656 адамга жетти. Тажикстан менен Түркмөнстан коронавируска чалдыккандар тууралуу маалымат бере элек.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *