Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

Бишкек, 23.04.2020 Sokol.media
17-апрелде Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка таянсак, 17-апрелде Турциядан келген жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөөнөн ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды.

Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилди.

Белгилей кетсек, учуп келген учурда бардыгы үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурат, эгер алар жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *