Комендатура борбор калаанын кесилиштериндеги бардык бетон тосмолорду алды

Бишкек, 23.04.2020 Sokol.media
Комендатура борбор калаанын кесилиштериндеги бардык бетон тосмолорду алды. Бул тууралуу Бишкектин коменданты А. Орозалиев билдирди.
“Күнүнө тез жардам кызматына шаар тургундарынан 500дөн ашык чалуу келип түшөт. Буга байланыштуу орнотулган блоктор тез жардам жана башка куткаруу кызматтарын чектебеш үчүн экинчи даражадагы жолдорго кирүүнү жана чыгууну башка мөөнөткө кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды”, — деп билдирди Орозалиев.