Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Бишкек, 23.04.2020 Sokol.media
Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкеркоронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу штаб билдирди.
📍Ош облусунда – 1
📍Ош шаарында – 1
📍Бишкек шаарында – 3.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 162 учур катталды.
Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.