Айтбекова: Онду эмес бирөөнү эле тыңдап карасаңар, он күчтүү тукум берет

Бишкек, 23.04.2020 Sokol.media
Алып баруучу Назира Айтбекова «мыкты жигиттер он аял алсын»,- деген депутат аялга инстаграм баракчасы аркылуу жооп айтты:

«Бир жакшы эркектин уругунан 30% эле балага өтүшү ыктымал. Кеп жатында, кеп энеде! Эненин 70% гени өтөт балага. Бир жакшы эркек 10 начар аял алса, оноонон он башка начар тукум чыгат. Бир жакшы аял онду төрөсө, мыкты тукум чыгат. Ошон үчүн өпкөңөрдү көптүрүп, өзүңөрдүн жана уругуңардын баасын көтөрбөй эле койгула! Тээ илгертен мыкты ургаачы бааланып келген! Аялдар, өзүңөрдү тарбиялагыла, өстүргүлө, мыкты болгула, дениңерди чыңдагыла! Бааңар укмуш жогоруласын! #жөнэлеойлор
______________________________________________
Бир экс депутат эже бир жакшы эркек он аял алсын деген экен. Онду эмес бирөөнү эле тыңдап карасаңар, он күчтүү тукум берет«,-деп жазган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *