Казак акыны Садык Шер-Ниязга: Элмирбекке сен эмнеге карабадың? (Ыр)

Бишкек,  22.04.2020 Sokol.media

Казакстандын  төкмө акыны Бөрүбай Оразымбет  депутат Садык Шер-Ниязга кат жазып, ага болгон таарынычын билдирген.

Бул катты кыргыз тилине Марсгул Абылова которуп чыккан.

Садык Шер-Ниязга кат

Садык доско кат жазамын калем алып,

Бүгүн түнү мен калдым кабар алып.

Ала-Тоодон кара кабар келгенинен,

Кесиринен “вирустун” бара албадык.

Башчысы элең, Кыргыз акындардын,

Кесир менен түйшөлүп турат жаным.

Ашыкемдер, Эстекемдер жашап өткөн,

Жетпесем да мен дагы жакындаармын.

Аласыңбы же мейли албайсыңбы?

Сен кандайча байкабай капа кылдың?

Дуба жасап, ыр менен бүт турпатым ,

Турат дагы артымдагы акындарым.

Бүгүн түнү, жаман эй кабар алдым,

Боздоп, уулуп бөрүдөй жараландым.

Эр Манастын урпагы эмес белең,

Элмирбекке сен эмнеге карабадың?

Тирүү жандар жасайт эле бир амалын,

Бүгүн кара жамынды, бүт ааламың.

Токтогулдун тонун кийген уул эле го,

Элмирбектин алын неге сурабадың?

Аалы, Барпы жаттаган кош атасын ,

Кыргыз-Казак тең эмген кош апасын.

Кырк эки жаш кырчынды жиберип салып,

Кыргыз элин сен неге боздотосуң.

Асылымды жоготуп алактадым,

Ыйлап турат уул-кызым жакындарым.

Курманжан датканы да тирилтет элең,

Элмирбекти эмнеге доктурга каратпадың?

Өзүң айтчы, кантип мен басыламын,

Кан басымым көтөрүлдү, башымда муң.

Элмирбекти жапжаш бойдон жибергенче,

Дарыларын сен эмнеге ташыбадың?

Жалган десе бул өмүр жалган чыгаар,

Элмирбекке да бир зарыл болгон чыгаар.

Бир кудайга сыйынып, андан кийин,

Дарыгер менен сага ишенип калган чыгаар.

Акын тура Элмирбек элден башка,

Адал эле ага-ини, тууган, доско да.

Уят менен намысты ким угат дейм,

Кимге айтамын, Садык, эй сенден башка.

Садык- Шерсиң, катым менен өтүнөмүн,

Эр атаган, Кыргыздын тектеринен.

Элмирбектин топурагы торко болсун,

Калдым сынып, кат жаздым жетпегенден.

Кыргыз эл акыны Элмирбек Имналиевге

Ыйламсырап турат бүгүн жашыл багым,

Кырчынынан кыйылды сырдаштарың.

Түнү бою сени ойлоп, өкүнөмүн,

Себепсиз эй өмүрүң кырчылганын.

Адамдыгың жоомарттыктан куралыптыр,

Элге сенден устасттык уланыптыр.

Чаң баскан архивиңден табылаттыр,

Ырларың мен аздектеген – мурастарың.

Бирге өттү далай жылдык достугубуз ,

Айтыш менен сахнада көп болчубуз.

Комузду чертип анда жарышчу элең,

Отурганда бошой калсак, убактыбыз.

Каткырыкты кубалаган караңгы түн,

Боздоп калды эрксизден каректериң.

Азалуу күн! Акындын жүрөгүнөн,

Ай менен Күн көзүнөн кан аккан күн!

Жан-жарыңдын көзүндө тамчы калды,

Уул-кызыңдын жабылды шам чырагы.

Жаткан жериң жаннатта болсун, досум,

Уулуңа комуз менен камчың калды.

Элмирбегим, калдың эле иним болуп,

Мен барганда күтчү элең гүлдөй болуп.

Кечээ гана Кыргыздын жылдызы элең,

Экинчи өмүрүң жашайт элде Күндөй болуп.

Курдашындай болсоң да балам менен,

Бир досуңдай ойночу элең агаң менен.

Ашикем менен Эстекеме салам айткың,

Түз буйруса ошол жакка барам да мен …

(с) Ақ-БӨРІ ҚЫДЫР

21.04.2020 жыл.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *