Бир сутка ичинде 38 бейтап корронавирустан айыгып чыкты

Бишкек, 22.04.2020. Sokol.mediа
Бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
🔹Бишкек ш. – 7
🔹Нарын облусу – 2
🔹 Ош облусу – 25
🔹 Ош ш. – 1
🔹 Баткен облусу — 3
Республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
”Күндөн күнгө COVID-19 вирусунан айыккандардын саны көбөйүп, илдетке чалдыккандардын саны азаюуда”, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата катталган учурлардын жалпы санынан сакайып чыккандардын саны 41,5%ды түздү.