12 укук коргоо кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Алардын бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө

Бишкек, 22.04.2020. Sokol.mediа
Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат”, — деди Үсөнбаев.
Анын айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.