Түркмөнстанда нан кымбаттады

 Бишкек, 21.04.2020. Sokol.mediа  

Ашхабадда ун тартыштыгы күч алып, 2 манат турган нан эки жарым эсеге кымбаттап, 5 манаттан сатылууда. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манат турат.

Маалыматка караганда,  жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун баасы 7ден 9 манатка көтөрүлдү. Кишилер кечинде кезекке жазылып, таң эрте дүкөндөрдүн алдында тизилип турушууда. Кырдаалды полиция кызматкерлери көзөмөлөп, 10 метр аралыкты сактоону талап кылып жатат.

Түркмөнстан соңку үч жылдан бери оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Бийлик кризисти моюнга албаганы менен жарандар азык-түлүк тартыш, накталай акча жетишсиз экенин билдирип келишет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр абалды ого бетер кыйындатууда.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *