Коронавирустан айыккан алты дарыгер кайра кызматына киришти

Бишкек, 21.04.2020. Sokol.mediа  

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустан айыккан алты дарыгер кайра кызматына киришти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан бүгүнкү күнгө карата вирус 147 медицина кызматкерине (42 дарыгер, 61 орто персонал, 24ү кенже персонал, 20сы башка жумушчулар) жукту.

Алардын 13ү айыгып чыкты. Айыккандардын алтоо дарыгер.

Оору жуккан кээ бир дарыгерлер коргонуу чаралары камсыз болбогонун, ал эми өкмөт тийиштүү бардык чаралар көрүлгөнүн билдиришүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *