Чыгаан акын Элмирбек Иманалиевди жерге берүү зыйнаты 22-апрелде болот

Бишкек, 21.04.2020. Sokol.mediа  

Маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү анын Туңгуч кичирайонундагы үйүнөн чыгарыларын, Ала-Арча көрүстөнүнө коюларын  күйөө баласы Мирзат Муканов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды:

“Атам эртең, саат 11де Туңгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлат.
Бирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз”, — деп жазылган баракчада.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы кечээ 20-апрелде кабарланган.

Булбул үндүү, көптөгөн ырлардын автору, чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап эле колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон.

Ошондой эле ал “Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты эле.

Эмгек жолунда Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.

Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» эпосун айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *