Орусия Лукашенко сындаган тест-системаларды Өзбекстанга берди

Бишкек, 20.04.2020. Sokol.mediа  

Орусия жардам катары Өзбекстанга COVID-19 инфекциясын аныктоочу тест-системаларды берди. Бул тууралуу орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Анын айтымында, «Вектор» илимий борборунун тест-системалары Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында жөнөтүлдү.

Захарова мындан тышкары Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Беларустун Гродненск облусундагы ооруканаларга тест-системаларды бергенин кошумчалады.

Буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын «Вектор» илимий борборуна таандык тест-системалардын вирусту аныктоо тактыгы болгону 30 гана пайызды түзөрүн билдирген.

18-апрелде Роспотребнадзор мекемеси Лукашенконун бул сынына жооп берип, Минскиге берилген тесттер көптөгөн параметрлери боюнча чет өлкөлүк аналогдорунан жакшы экенин, илдеттин белгилери жок адамдардан да вирус табууга жөндөмдүү экенин билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча Беларуста COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны беш миңге жакындап калды. Алардын ичинен 47 бейтап каза болду.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *