Кыргызcтанга Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди

Бишкек, 20.04.2020. Sokol.mediа
Бүгүн Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.
Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.